КР Билим берүү жана илим министрлиги 32,5 млрд сомго каржыланды

КР Билим берүү жана илим министрлиги 32,5 млрд сомго каржыланды

2023-жылдын 29-августуна карата республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине 32,5 млрд сом каржыланды, такталган жылдык план 52 млрд сомду түздү,  бул 61,4% Алардын ичинен, корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, тамак-аш, стипендия) боюнча аткарылышы 32 млрд сомду түздү, такталган жылдык план 52 млрд сом, же 62,6% аткарылды.

 


Анын ичинде чыгашалардын корголгон статьялары боюнча, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнмөсүнө ылайык, төмөнкүлөр каржыланды:
 - Эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүү - 32 Млрд сом;
- Билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын, "Тамак-ашы" беренеси боюнча чыгашалар - 450,5 млн сом;
- Билим берүү уюмдарынын стипендиясына - 70 млн сом.
Ошондой эле, бүгүнкү күнгө чейин, каржыланган:
- КР жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл окуу китептерин сатып алууга 152,0 млн сом суммасында каржыланды;
- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына - 4 млн сом;
-мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө - 4,8 млн сом;
- «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн - 1,8 млн сом;
- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого - 112,4 млн сом;
- Мектептерде интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө - 14 млн сом бөлүнгөн.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2094