Menu
Тренддер
Кыргызстанда «КАМБАРАТА ГЭС-1 КУРУУ» долбоору ишке ашырыла баштады.
Урматтуу достор, жакшы жаңылык! Кыргызстанда «КАМБАРАТА ГЭС-1 КУРУУ» долбоору ишке ашырыла баштады. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министри Дүйнөлүк банк менен жалпы суммасы 5 миллион АКШ долларын түзгөн “Камбарата ГЭС-1ди куруу” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу боюнча техникалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга кол койду.
Финансы министрлигинде Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жалпы суммасы 5,0 млн АКШ долларын түзгөн «Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун курууга техникалык жардам көрсөтүү» долбоору боюнча Каржылоо келишимдерине кол коюу аземи болуп өттү. Макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан - финансы министри - Алмаз Кушбекович Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банктын атынан - Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - Навид Хассан Накви кол коюшту.
Долбоор, Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу аркылуу долбоорду ишке ашырууну колдоого багытталат.
Ошондой эле жолугушууда энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.
5 сүрөттөр
0.00MB