Menu
Тренддер
Финансы министри Бакетаев А.К. Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев А.К. Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Шисинь Чэнь мырза менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев АӨБга бюджеттик колдоо көрсөтүүгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык ресурстарды бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр Бишкек шаарынын транспорт тармагын электрлештирүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында энергетика тармагын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө үмүттөнөрүн билдирди. Мындан тышкары, министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүчү Борбор Азия Кепилдик фондунун Бишкек шаарында штаб-квартирасын түзүү демилгесин колдоого үмүттөнөрүн билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.