КР Финансы министри Алмаз Бакетаев КМТУдагы студенттик стартап долбоорлор менен таанышты

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев КМТУдагы студенттик стартап долбоорлор менен таанышты

Раззаков атындагы КМТУда 60тан ашык стартап-долбоорлорду колдогон өзүнүн сайты жана илимий-техникалык иштеп чыгуулар үчүн платформасы бар жаңыланган технологиялар трансфери борбору ишке киргизилди.

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев университеттин жетекчилиги, студенттер жана жаш окумуштуулар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, акылдуу технологиялар, тамак-аш технологиялары, жеңил өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатындагы стартап-долбоорлор сунушталды. А.Бакетаев сунушталган долбоорлордун жогорку деңгээлин белгилеп, бизнес идеяларды ишке ашырууга системалуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Финансы министри университеттин инфраструктурасы менен таанышып, лабораторияларды жана студенттерди тейлөө борборун кыдырып чыкты.

***

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
868