Тренддер
КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.БАКЕТАЕВ ФИНАНСЫ ТАРМАГЫНЫН АРДАГЕРИН 80 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
КРФМ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев «Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы Салморбек Асиповду 80 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктады.
Министр бүгүнкү муундагы финансисттер улуу муундун эмгегин жогору баалап, алардын түзгөн негиздерин урмат менен улап келе турганын белгиледи. Финансы тармагынын ардагерлери тармактын өнүгүшүнө багыт берген жана тажрыйбасы менен нече муунга үлгү болгон инсандар.
Алмаз Бакетаев улуу жазуучу Чынгыз Айтматов айткан сөздөрдү эске салды:
«Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу». «Бул сөз ар бирибиз үчүн чоң насаат. Биз улуу муундан үйрөнүп, адамдык касиеттерди сактап, алардын баштаган иштерин улантууга аракет кылабыз», - деди министр.
Финансы министрлиги Салморбек Асиповго өлкөгө сиңирген эмгеги жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Ага бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык жана үй-бүлөлүк бакыт каалайт.
2 сүрөттөр
0.00MB