КР Финансы министри А.Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту

КР Финансы министри А.Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту

Негизги талкууланган маселелер Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары, Кыргыз Республикасы менен ДБ ортосундагы кызматташтык, анын ичинде 2023-2025-жылдарга белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ДБ тарабынан көмөк көрсөтүү болду.

КР Финансы министри А.Бакетаев аталган маселелерди тез арада ишке ашыруу үчүн ДБнын артыкчылыктуу пландаштырылган долбоорлоруна көңүл бурду. 
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Түзүлгөн

Алтынай
1607