КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ  АЛМАЗ БАКЕТАЕВ КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ  МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

КУРМАН АЙТ

Урматтуу момун мусулмандар!

Сиздерди эң маанилүү майрамдарынын бири-Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Ыйык Курман айт майрамы өзүнө терең адеп-ахлактык мааниге ээ, жакшылыкка жана адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка жана боорукерчилике, айланадагыларга, жакындарына аяр мамиле кылууга чакырат,элибиздин руханий  өнүгүүсүнө өбөлгө болуп, коомубуздагы улуттук каада-салттарды урматтоого тарбиялайт.

Урматтуу бир туугандар!

Бул ыйык күндөрү тилеген тилектерибизди кабыл кылып, ар бир үйгө бакубат турмуш, элибизге ыйман-ырыскы алып келсин, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тартуулоосуна тилектешмин.

Курман айтыңыздар  маарек болсун!

Терең урматым менен,

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

А.К.Бакетаев

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
761

Окшош жаңылыктар