Menu
Тренддер
КР Финансы министри өлкөнүн биржалык Финансы рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи
КР Финансы министри А.Бакетаев Борбордук Депозитарий жана Кыргыз фондулук биржасынын жетекчиси М.Назаралиев менен жолугушту. Иш – чарага КР финансы министринин орун басары- Борбордук казыналыгынын директору У.Аманбаев, Финансы министрлигинин финансы-кредиттик фондунун төрагасы Э. Доолбеков, Борбордук депозитарийдин Президенти А. Юлдашева, директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бакетаев КФБнын ишмердүүлүгү менен 2024-2026-жылдарга карата өнүгүү стратегиясын талкуулады.
Белгилей кетсек, КР Финансы министрлиги 2023-жылы өлкөнүн финансы рыногунун институттарынын негизги акционери жана КФБда 33,4% ал эми БДда 50% үлүшкө ээ.
КР Финансы министри өлкөнүн биржалык Финансы рыногун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилеп, Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүү багытында ишти күчөтүүнү тапшырды. А.Бакетаев баалуу металлдар рыногун, туруктуу өнүктүрүү секторун жана товардык-сырьелук секторду өнүктүрүү максатында мамлекеттик баалуу кагаздарды биржа аянтына которууга даяр экендигин билдирди.
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бул жаңы модели биржада башка маанилүү секторлор болгон баалуу металлдар, валюталык сооданы ишке киргизүү, товардык сектор жана виртуалдык активдердин өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет. Ошондуктан жолугушуунун бардык катышуучуларын биржалык Финансы рыногун өнүктүрүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгууну тездетүүнү жана бул жылы аны ишке ашырууга ыкчам киришүүңуздөрдү өтүнөм", - деп жыйынтыктады А.Бакетаев.