КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ВАШИНГТОДО ӨТКӨН ИШ САПАРЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ АЛМАЗ БАКЕТАЕВ ВАШИНГТОДО ӨТКӨН ИШ САПАРЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

КРФМ

 

            Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банктын (ДБ) жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жазгы жолугушууларына катышуусун ийгиликтүү аяктады. Иштин жыйынтыгы өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга багытталган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюу болду.

            Инвестициялардын жалпы көлөмү (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу механизмин кошпогондо) 389,31 млн АКШ долларын түзөт.

            Кол коюлган келишимдерде каралган кызматташтыктын негизги багыттары:

            • Региондорду өнүктүрүү: жергиликтүү демилгелерди колдоого жана аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган «Ош облусунун жана Ош шаарынын региондук экономикалык өнүгүүсү» долбоору тарабынан кошумча каржылоо алынат.

            • Ден соолук: Саламаттык сактоо системасынын негизги элементтерин түзүүгө жана чыңдоого багытталган баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы ишке ашырыла берет.

            • Суу менен камсыздоо: Суу менен камсыз кылуу жана канализацияга универсалдуу жеткиликтүүлүк 1-фаза программасы Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарындагы 126 калктуу конуштардын жашоочуларын ичүүчү таза сууга жана жакшыртылган санитарияга мүмкүнчүлүк берет.

            • Чакан жана орто бизнести колдоо: «Кыргыз Республикасындагы микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы рынокторун өнүктүрүү» долбоору (бюджет 120 млн. АКШ доллары) «жашыл» каржылоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген кредиттерди жана кепилдиктерди берет.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдык: Тез чара көрүү механизмин ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасына өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн ресурстарды тез арада мобилизациялоого мүмкүндүк берет.

            • Билим берүү: «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу» долбоору (бюджет: 25 млн. АКШ доллары) сапаттуу инклюзивдик билимге адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

            • Энергетика: «Ысык-Көл облусунда 220 кВ Тамга-Каракол электр берүү линиясын жана көмөкчордондорду куруу» долбоорун ишке ашыруу (бюджет 58,25 млн. АКШ доллары) Ысык-Көл облусунун энергия менен камсыз болушун жакшыртат.

            • Айыл чарбасы: Айыл чарбасын механикалаштыруу боюнча иштер улантылат (бюджет: 45,11 млн. АКШ доллары), бул фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
818

Окшош жаңылыктар