Тренддер
КР финансы министри ЕСӨФ менен Вашингтондо жолугушуу өткөрдү: приоритеттүү инфраструктуралык долбоорлор жана бюджеттик колдоо талкууланды
КРФМ
Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиев Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйындары алкагында Вашингтон шаарында Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду аткаруучу директорунун кеңешчиси Сергей Улатов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт, энергетика жана суу менен камсыздоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу кызматташтыктын приоритеттүү багыттары талкууланды. Өзгөчө көңүл Арал–Суусамыр автожолун реконструкциялоо, Камбар-Ата ГЭС-2 базасындагы демилгелер, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саламаттык сактоо тармактарындагы долбоорлорго бурулду.
Өзгөчө көңүл Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду тарабынан бюджеттик колдоо көрсөтүү маселесине да бөлүндү. Тараптар кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле негизги инфраструктуралык реформаларды илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.
2 сүрөттөр
0.00MB