Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Мунай экспорттоочу Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолугушуу өткөрдү
КРФМ
Ислам өнүктүрүү банкы тобунун Баку шаарында өткөн жылдык жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Мунай экспорттоочу Эл аралык өнүктүрүү фондунун башкы директору доктор Абдулхамид Альхалифа менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечегин жана Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, транспорттук инфраструктура, энергетика, айыл чарба жана ирригация тармактарындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу, ирригация тармагындагы Улуттук инвестициялык программа, Бишкек - Торугарт унаа жолунун Кант - Токмок - Чым-Коргон тилкесин реконструкциялоо долбоору, ошондой эле жеке секторду жана өнүктүрүү боюнча бюджеттик программаларды колдоо механизмдери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
2 сүрөттөр
0.00MB