Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри АКШнын Элчиси жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту
КРФМ
2026-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери жана Wabtec компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык финансылык-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле аларды каржылоонун мүмкүн болгон механизмдерин талкуулашты.
Америка тарап Кыргыз Республикасында темир жол тармагындагы келечектүү долбоорлорду каржылоонун айрым сунуштарын жана алдын-ала ыкмаларын сунуштады.
Финансы министри сунушталып жаткан механизмдер жана каржылык шарттар кеңири жана дыкат иштеп чыгууну талап кыларын белгилеп, алар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте карала турганын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын багыттарын мындан ары да иштеп чыгууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.
6 сүрөттөр
0.00MB