ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ОШ-БАТКЕН-РАЗЗАКОВ ЖОЛУНУН КАПИТАЛДЫК ОҢДОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИ ОШ-БАТКЕН-РАЗЗАКОВ ЖОЛУНУН КАПИТАЛДЫК ОҢДОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев иш сапарынын алкагында Баткен облусунда курулуп жаткан бир катар объектилерди кыдырды. А.К. Бакетаев каржы ресурстарын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн жолдордун жана социалдык объектилердин курулушу менен таанышты. Министр өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн, калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн социалдык объектилердин курулушун көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

А.К. Бакетаев белгилегендей, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана мектеп, оорукана, маданият үйлөрү сыяктуу социалдык объектилерди курууга көңүл буруу зарыл.
Курулуп жаткан имараттарды текшерүүдө А.К. Бакетаев тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына объектилердин курулушунун сметасын карап чыгууну жана социалдык объектилер боюнча отчетторду үзгүлтүксүз берип турууну тапшырды, бул облуста долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансылык каражаттардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылат.
Финансы министри ошондой эле Ош-Баткен-Исфана жолун капиталдык оңдоонун жүрүшүн текшерди. Ал долбоордун учурдагы абалы менен таанышып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө баа берип, бул инфраструктуралык долбоорду тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди.
Жыйынга Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча депутаты Данияр Төлөнов да катышты.
А.К. Бакетаев өкмөттүн капиталдык курулуш тармагындагы көзөмөлүн жана аракеттерин эске алуу менен Баткен облусу өзүнүн социалдык-экономикалык потенциалын ийгиликтүү ишке ашырып, өлкөнүн ар тараптан гүлдөп-өсүшүнө салым кошо аларын баса белгиледи.
 

Түзүлгөн

-
1690