Тренддер
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту
КРФМ
2026-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (КЖАК/ТККА) системасын өркүндөтүү, Евразиялык топтун өз ара баалоосунун үчүнчү раундуна даярдык көрүү, ошондой эле Эл аралык валюта фонду менен өз ара кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, өлкөнүн финансылык туруктуулугун чыңдоонун жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуунун негизги инструменттеринин бири катары мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүү маселеси каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар финансылык-экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
3 сүрөттөр
0.00MB