Арслан Өмүрзаковдун КР Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пикири

Арслан Өмүрзаковдун КР Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пикири

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) жетекчисинин экс-орун басары Арслан Өмүрзаковдун КР Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча пикири.

КР Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (НИСИ) жетекчисинин экс-орун басары Арслан Өмүрзаковдун Vesti.kg маалымат агенттигине берген маегинде “Финансы министрлигинин идеясы биздин жарандарды кызыктырышы мүмкүн жана аларды мамлекеттик векселдерге бош каражаттарды инвестициялоого үндөшү жакшы жышаан», - деди.

«Мамлекеттик баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү – бул мамлекеттин кепилдиги астында жарандардан акча каражаттарын тартуу үчүн колдонулган финансылык инструмент», — деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. “Бул облигациялар абдан ишенимдүү болуп эсептелет. Иш жүзүндө эч кандай коркунучу жок деп эсептейм”, - деди ал. “Баалуу кагаздар ар бир жаранга жеткиликтүү болгону кызыктырды. Бүткүл дүйнөдө ушундай облигацияларды чыгаруу аркылуу катардагы жарандардан же банктардан каражат тартышат. Бизде мындай финансылык транзакциялар үчүн потенциал бар. Кошумчалай кетсем, мындай чара тышкы кредиторлордон эмес, өз жарандарынан карыз алууга мүмкүндүк берет, бул кошумча бюджеттик каржылоону камсыз кылуунун ишенимдүү куралы болуп саналат”-дейт А.Омурзаков.

Экономисттин пикири боюнча жарандар үчүн каражаттарын баалуу кагаздарга салуусу – жакшы мүмкүнчүлүк.

“Мурдагы облигациялардан айырмаланып, жеке жактар үчүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна биздин жарандар кызыкдар болот деп ойлойм. Бардык өкмөттөр, анын ичинде экономикалык жактан ийгиликтүү жана өнүккөн өлкөлөр мамлекеттик облигацияларды колдонушат”, - деп баса белгиледи серепчи.

Эскерте кетсек, КР Финасы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын базасында мамлекеттик облигациялардын соодасын жүргүзүүнү пландаштырып жатат. Ал 12 айлык мамлекеттик казыналык векселдер жана эки жылдык мамлекеттик казыналык облигациялары болот.
Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик баалуу кагаздардын потенциалдуу ээси боло алат. Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу 2023-жылдын 25-26-май күндөрү башталат.

Булак: https://vesti.kg

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2201