Menu
Тренддер
Энергетика тармагын каржылоо жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары тууралуу маалымат
Энергетика тармагын жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 15 612,7 млн сом суммасында каражат каралып, анын ичинен 2022-жылдын 30-сентябрына карата бюджеттик каражаттардан 9380,3 млн сом бөлүнгөн.
Алар:
- «Кыргызтеплоэнерго» МИ жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1410,5 млн сом (2021-жылга салыштырмалуу 93,6 млн сомго көп) каралып, бүгүнкү күнгө карата 1374,4 млн сом бөлүнгөн. (97,4%). Ошону менен бирге бүгүнкү күндө калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргызтеплоэнерго» жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн 165,0 млн сом суммасында кошумча каражат бөлүү маселеси каралууда;
- Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калктын электр энергиясына болгон 50 пайыздык жөлөкпулун компенсациялоого 150,0 млн сом каралып, анын ичинен 126,5 млн сом бөлүнгөн;
- Республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин коммуналдык чарбага байланыштуу чыгашаларына 2664,0 млн сом каралган, анын ичинен 1583,5 млн сому электр/жылуулук ресурстарына:
- электр энергиясы үчүн төлөөгө -1280,1 млн сом;
- жылуулук энергиясына төлөөгө - 255,6 млн сом;
- жаратылыш газын төлөөгө - 22,6 млн сом.
- Республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 270,7 млн сом каралып, анын 106,5 млн сому бөлүнгөн.
- 11117,5 млн сом бюджеттик кредит электр энергиясын импорттоого, отун сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга, «Бала-Саруу ГЭСи» кичи ГЭСин курууга бөлүнгөн, анын ичинен бүгүнкү күндө 6190,0 млн сом бөлүнгөн.