Menu
Тренддер
“АГРОӨНӨР ЖАЙ КОМПЛЕКСИН КРЕДИТТӨӨ” ДОЛБООРУНА 2 737,0 МЛН. СОМГО 2 397 ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ БЕРИЛГЕН
Финансы системасынын ресурстарын мобилизацилоо боюнча иш-чараларга дем берүү, агрардык секторго колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жолу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №120-т тескемеси менен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоору бекитилген.
“Айыл Банк” ААК жана “РСК Банк” ААКсы аркылуу 2022-жылдын 2-февралына карата иш жүзүндө жалпысынан 2 737,0 млн. сомго 2 397 жеңилдетилген кредит берилген.