Menu
Тренддер
«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору
2023-жылдын 27-апрелине карата «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоордун алкагында республиканын 3556 айылдык товар өндүрүүчүлөрү - 1,6 млрд сом суммасында каржыланды.
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорун ишке ашыруу башталгандан бери жалпы суммасы 53,35 млрд сом суммасында 124 350 чарба жүргүзүүчү субъектиге кредиттөө жүргүзүлдү, анын ичинде:
- мал чарба тармагында 34,29 млрд сом суммасында 98 865 субъект, бул жалпы кредиттөөнүн 64%ын түзөт;
- өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө 8,21 млрд сом суммасында 23 016 субъект, бул жалпы кредиттөөнүн 15%ын түзөт;
- «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» чөйрөсүндө 2469 субъект 10,85 млрд.сом суммасында, бул жалпы кредиттөөнүн 21%ын түзөт.
Бул Долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы 3,3 млрд сом суммасында кредиттөөнүн жалпы көлөмүндө катышууда.
Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы № 72-р буйругу менен “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору бекитилген.