Menu
Тренддер
САЛАМАТТЫКТЫ САКТООГО 2022-ЖЫЛЫ 22,6 МЛН СОМ БӨЛҮНДҮ
2022-жылдын 12 айында саламаттык сактоо мекемелери боюнча чыгаша бөлүгүн аткаруу 22 635,1 млн сомду, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3382,0 млн. сомго көп, же 117,6% өсүш менен, алардын ичинен:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринин бюджетинин аткарылышы 3 388,4 млн. сомду, же 85,0% түздү, анын ичинде:
• эмгек акы жана социалдык фондго төгүмдоргө 980,1 млн. сом каражат каржыланды, тиешелүү түрдө 2021-жылга карата 343,3 млн. сомго көп, же 153,9% өсүш менен;
• гемодиализ үчүн – 300,0 млн. сом, же 100,0%;
• дары-дармектерди сатып алуу үчүн – 1032,8 млн. сом, же 82,6%, анын ичинде инсулинге – 65,2 млн. сом, жогорку технологиялар фонду – 446,9 млн. сом;
• тамак-аш сатып алуу үчүн – 38,4 млн. сом, 2021-жылга салыштырмалуу 11,5 млн. сомго көп;
• коммуналдык кызматтар үчүн – 53,6 млн. сом, 2021-жылга салыштырмалуу 10,8 млн. сомго көп;
• COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен оору жуктурган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине жана башка кызматкерлерине, ошондой эле каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн 14,5 млн.сом;
• саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарда ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөө үчүн 24,1 млн.сом;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2022-жылга республикалык бюджеттен трансферттер 19 246,7 млн. сом суммасында каралган, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4426,5 млн. сомго көп, же 129,9% өсүш менен.
COVID-19 коронавирус инфекциясын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде 2022-жылга республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө 173.0 млн. сом суммасында каражат берилген.
"Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү жана калктын турмушун жана ден-соолугунун сапатын жогорулатуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү 2022-жылдын 1-апрелинен баштап 50 %га жогорулаган.
2022-жылдын 29-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 405 токтому менен саламаттык сактоо системасынын балдар үйү үчүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын жана өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборлору үчүн, балдардын психоневрологиялык реабилитациялык борборлору үчүн айрым саламаттык сактоо уюмдарында тамактануу нормалары 3,6 эсеге көбөйтүлдү ( 70 сомдон 220 сом болду).