Мамлекеттик бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелери

Мамлекеттик бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелери

2022-жылдын 9-10 айына маалымат

Мамлекеттик бюджеттин салыктык түшүүлөрү 227 733,4 млн сом өлчөмүндө күтүлүүдө.
2022-жылдын март айынан бери пландык көрсөткүчтөр аткарылбай, августта 24,7 миллиард сом көлөмүндө жетишпей жатканы белгилүү болгон.
2022-жылдын январь-октябрь айларында бажы төлөмдөрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылбай калышынын негизги себептери:

  • Россия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан бажы төлөмдөрүнүн кыскаруусу;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чаралар (бажы төлөмдөрүнөн бошотуу).
  • АКШ долларынын сомго карата арзандашы (эгерде март айында 98,76 сом болсо, сентябрда доллардын курсу 81,25 сомду түздү же 17,7%га төмөндөдү)

Мамлекеттик салык кызматынан мамлекеттик бюджеттин аткарылышын бекитилген бюджет боюнча 155,6 млрд сом көлөмүндө күтлүүдө. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке салыктарды кайра бөлүштүрүн эсепке алганда.  

Мында 2022-жылдын 10 айында салыктык түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,7%га же 61514,6 млн сомго (анын ичинде МСК 46,4%га же 39292,4 млн сомго жана МБК 60,3%га же 222222 млн сомго) өскөн.

Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү экономиканын төмөнкү тармактары тарабынан камсыз кылынат;

  • түстүү металлургия - 366,1%га же 20 783,6 млн сомго;
  • курулуш - 145,6%га же 727,0 млн сомго;
  • соода - 130,9%га же 2146,0 млн сомго,
  • транспорт – 141,2%га же 542,2 млн сомго;
  • финансылык кызмат көрсөтүүлөр – 192,3%га же 2114,6 млн сомго;
  • кесиптик ишмердүүлүк – 144,8%га же 826,1 млн сомго;
  • мамлекеттик башкаруу – 237,1%га же 691,8 млн сомго.

Салыктыктардын мындай өсүшү төмөнкү түрлөрү менен камсыздалат:

  • киреше салыгы - 134,6% же 3462,8 млн сом;
  • Кумтөрдөн түшкөн салык (13%+4%) – 354,8% же 17997,2 млн.сом;
  • Пайдадан алынуучу салык – 179,4% же 4872,5 млн сом;
  • КНС-169,0% же 35207,5 млн.сом (анын ичинде ички КНС-127,2% же 3443,5 млн. сом, импорт боюнча КНС -181,1% же 31123,7 млн.сом). 

Салыктык эмес киреше

Мамлекеттин жана мамлекеттик ишканалардын үлүшү бар акционердик коомдорду колдоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат бул ишканаларды калыбына келтирүүгө жана жакшыртууга алып келди, муну 2022-жылдын 9 айынын алдын ала жыйынтыктары тастыктады.

Алсак, 9 айда мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун таза кирешеси 9,5 миллиард сомду түздү.
2022-жылдын 9 айында мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1,9 млрд сомду түздү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4461