Нурбек Элебаев: "Кыргызстан Борбор Азияда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик баалуу кагаздар фондулук рынокто жайгаштырылбаган жалгыз өлкө"

Нурбек Элебаев: "Кыргызстан Борбор Азияда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик баалуу кагаздар фондулук рынокто жайгаштырылбаган жалгыз өлкө"

Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында МКВны-12 айлык жана МКО-2 жылдык жүгүртүү мөөнөттөрүн жайгаштырууга жана жүгүртүүгө багытталган КР Финансы министрлигинин жана КФБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кабар маалымат агенттигинде пресс-конференция болуп өттү.

Нурбек Элебаев, Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү: 

"Кыргызстан Борбор Азияда бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик баалуу кагаздар фондулук рынокто жайгаштырылбаган жалгыз өлкө. Ошол эле учурда, дал ушул МБК дүйнө жүзү боюнча инвестициялоо үчүн эң ишенимдүү финансылык инструмент катары таанылган, анткени алар жогорку ликвиддүүлүккө ээ. МБКларда дефолт болбойт. Мамлекет үчүн бул социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, ички жана чет өлкөлүк инвесторлор МБК жөнүндө аз маалымат алышкан. Ал эми коңшу өлкөлөрдө МБКларга эл аралык инвесторлор чоң суроо-талапка ээ.  Биз бул боштукту толтуруп, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатып, жарандарыбызды акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга салууга жана пайдалуу дивиденддерди алууга үндөшүбүз керек".

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
1623