НУРГУЛЬ САЛИЕВА  КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

НУРГУЛЬ САЛИЕВА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Салиева Нургуль Укеновна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 24-июнундагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

 

25-июнда КРнын Финансы министри Алмаз Бакетаев Салык кызматынын жамаатына төраганын жаңы орун басарын тааныштырды.

КРнын Финансы министри өз сөзүндө Салык кызматынын акыркы жылдардагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуудагы салыктык башкарууну жакшыртуу жана санариптик технологияларды киргизүү аркылуу жетишкен олуттуу жетишкендиктерин баса белгиледи.

Ал Салык кызматынын кызматкерлери алдына коюлган бардык милдеттерди ийгиликтүү аткаруусуна ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында Алмаз Бакетаев ведомствонун жамаатын Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарынын дайындалышы менен куттуктады.

КРнын Министрлер Кабинетинин башка буйругуна ылайык, Дубанаев Адилет Садырбекович Салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Нургуль Салиева буга чейин Салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин директору кызматын ээлеп келген.

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1904

Окшош жаңылыктар