Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери  мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен 272 002,6 млн. сом суммасында, же ИДПга карата 33,0 % алдын ала каралууда. Номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 10 110,3 млн. сомго азаят.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 307 360,6 млн. сом деӊгээлинде белгиленген же ИДПга карата 37,3 % (2022-жылдын бекитилген бюджетинен 16 126,0 млн. сомго көп), анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 252 525,5 млн. сом, атайын эсептин каражаттары – 26 230,5  млн. сом, мамлекеттик инвестиялардын каражаттары – 28 604,9 млн. сом. 

Финансылык активдерди эсепке алуу менен чыгашалардын жалпы суммасы 340 248,5 млн.сом деңгээлинде белгиленген, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен – 275 727,1 млн.сом (2022-жылдын бекитилген бюджетинен 18 285,3 млн. сомго көп), атайын эсептердин каражаттары – 26 234,0 млн сом (2022-жылдын бекитилген бюджетинен 11 772,4 млн сомго көп), мамлекеттик инвестициялык каражаттары – 38 287,3 млн сом (2022-жылдын бекитилген бюджетинен 508,5 млн сомго көп).

2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 35 358,0 млн. сомду, же ИДПнын 4,3 % түзөт.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2022-жылы каржылоо булактары 35 358,0 млн. сом суммасында алдын ала каралган.  

Ички булактар боюнча 5 200,7 млн. сом суммасында оӊ сальдо алдын ала каралган.  

Тышкы булактар боюнча 30 157,3 млн. сом суммасында оӊ сальдо. 
 

Тиркелген файлдар

rar
rar
Русский.rar

1137662 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3720