КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК-ИМПОРТТУК БАНКЫ ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗСТАНГА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИН АЙРЫМ ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

КЫТАЙДЫН ЭКСПОРТТУК-ИМПОРТТУК БАНКЫ ТАРАБЫНАН КЫРГЫЗСТАНГА БЕРИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИН АЙРЫМ ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эксимбанкынын ортосунда 2008-2015-жылдары түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык, кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарган учурда карыз алуучу кредиторго 1% өлчөмүндө комиссия төлөп берет. Келишимде графикте көрсөтүлгөн күндөн тартып, акыркы датасына чейин чегерилген каражат толук төлөнүп берилүүсү шарт.

Ушуга байланыштуу кредитти мөөнөтүнөн мурда жабуу Республикалык Бюджетке (РБ) олуттуу жүк болуп, кошумча чоң чыгымдарды талап кылат.

Тактап айтканда кыргыз тарап үчүн экономикалык жактан Кытай Экспорттук-импорттук банкына тышкы насыяларды мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдасыз.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ресурстары жетиштүү жана мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджетте каражаттар толук көлөмдө каралган. Мамлекеттик карызды тейлөө өз убагында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2563