КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө

КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №135 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу ниетин билдирет.

Жайгаштыруу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин конкурстук комиссиясы тарабынан каралат.

Жайгаштырууга каралган акча каражатынын жалпы көлөмү 2,0 млрд.сом, 7 лотко бөлүнгөн, мөөнөтү 10 ай.

ЛОТ

Депозиттин суммасы (сом)

Депозиттик жайгаштыруунун мөөнөтү

(ай)

Депозит боюнча пайыздык ставканын баштапкы өлчөмү (жылдык %)

ЛОТ №1

100 000 000

10

9

ЛОТ №2

150 000 000

10

9

ЛОТ №3

200 000 000

10

9

ЛОТ №4

250 000 000

10

9

ЛОТ №5

300 000 000

10

9

ЛОТ №6

450 000 000

10

8

ЛОТ №7

550 000 000

10

8

Жылпы

             2 000 000 000

 

 

 

 Коммерциялык банктарды тандоо конкурсуна катышууга Табыштамалар             2023-жылдын 15-февраль, саат 18-00 го чейин кабыл алынат (табыштамаларды тапшыруу дареги Эркиндик бульвары 58-а, Борбордук казыналыктын имараты, 4-кабат, Болжолдоо сектору, тел: 62-59-19, 62-53-13 (3463)).

Табыштамалардын формасы Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сайтында жайгаштырылган (https://www.minfin.kg/posts/usloviya-konkursa ушул шилтеме аркылуу алса болот).

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2236