Menu
Тренддер
КР МЕНЕН РФ ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГТЕРИНИН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Россия Федерациясынын Финансы министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында тажрыйба алмашууга багытталган семинар өтүүдө.
Семинардын алкагында РФдин финансисттери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бюджеттин киреше бөлүгүндө салык секторун жакшыртуу, бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын киргизүү, социалдык коргоо, жашыл каржылоонун ченемдик укуктук базасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, инвестициялык потенциал сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.
РФдин Финансы министрлигинин НИФИнин Мамлекеттик сектордогу финансылык менеджмент борборунун улук илимий кызматкери М.Николаев финансылык менеджменттин стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун стандарттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну сунуштады.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери менен бирге Россия Федерациясынын башка спикерлери да катышууда.
1 сүрөттөр
3.06MB