Menu

БОРБОРДУК САТЫП АЛУУЛАР БОЮНЧА САНАРИП КОЛДОНМОЛОР МЕНЕН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ БОЛУП ӨТТҮ
Борборлоштурулган сатып алуулар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу аянтчаны түзүү максатында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2024-жылдын 18-20-мартында Тбилиси шаарында жайгашкан Грузиянын Мамлекеттик сатып алуулар агенттигинде Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Календеровдун төрагалыгы астында адистердин жолугушуусу болуп өттү.

Сапардын алкагында Грузиянын мамлекеттик сатып алуулар системасына сереп салуу жүргүзүлүп, дары-дармектерди, автоунааларды, атайын жабдууларды, мектеп эмеректерин, кеңсе кагаздарын жана башка товарларды борборлоштурулган сатып алуу боюнча презентациялар өткөрүлдү. Мындан тышкары, борбордук сатып алуулардын керектөөлөрүн пландаштыруу жана баалоодо Грузиянын электрондук колдонмолору көрсөтүлдү.