“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2026–2027-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын келерки жылдын республикалык бюджети жана пландык мезгилдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүнүн алкагында жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрөт.

 Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Р.М. Суйналиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуулар болуп өттү. Иш-чаранын ачылышында Р.М. Суйналиев катышуучулар менен учурашып, бюджеттик процесстин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууда коомдук талкуулардын маанилүү ролун белгиледи. Ал мындай угуулар негизги бюджеттик артыкчылыктарды түзүүдө коомчулуктун пикирин эске алууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү “2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору презентацияланды.

Иш-чаранын алкагында коомдук бюджеттик угуулардын катышуучулары саламаттык сактоо системасын, бюджеттин киреше бөлүгү тууралу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү уюмдардын ишине байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Бул суроолор катышуучулар арасында кызуу талкууну жаратып, саламаттыкты сактоо тармагына карата пландалган бюджеттик чыгымдардын аспектилерин жана саламаттык сактоо системасынын ичинде өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын туура аныктоого мүмкүндүк берди.

Иш-чаранын сонуңда Р.М. Суйналиев катышуучулардын сунуштарын андан ары карап чыгууга жана айтылган сын-пикирлерди жана сунуштамаларды эске алуу менен бюджеттин бир катар беренелерин тактоо боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бардык катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы жылдарга карата бюджетти талкуулоодо жемиштүү кызматташууга үмүт артарын белгилейт

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
821

Окшош жаңылыктар