2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 млрд. сомду түздү.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 млрд. сомду түздү.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 млрд. сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 45,5%га же 66,1 млрд. сомго өскөн.

Салыктык кирешелердин көлөмү каралган мезгилде 163,4 млрд. сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 56,0 млрд. сомго же 52,1%га өскөн.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 52,9 млрд. сомду түзгөн. Ɵткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 62,3 %га же 20,3 млрд. сомго өскөн.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 110,5 млрд. сомду түзгөн. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелери 47,7%га же 35,7 млрд. сомго өскөн.

Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү каралган мезгилде 37,7 млрд. сомду түзгөн. Өткөн  жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 5,9 млрд. сомго же 18,6%га өскөн. 

Расмий гранттардын түшүүсү 10,3 млрд. сомду түзгөн. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 4,2 млрд. сомго көбөйгөн.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4007