Menu
Тренддер
27 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫ ӨЛЧӨМҮНДӨГҮ ДОЛБООР ТАЛКУУЛАНУУДА
КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Инчхон шаарында (Түштүк Корея) өтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин 56-жылдык жыйынына катышууда. Иш-чаранын алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен артыкчылыктуу кызматташуу маселелери каралууда. Ошондой эле Корея Республикасынын Экспорттук-импорттук банкы менен 27 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү талкууланды
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү маселеси көтөрүлүп, ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда МЖӨ боюнча экинчи эл аралык конференция өткөрүлүшү күтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилип, ага КР делегациясы тарабынан Банктардын жетекчилерин чакырылды.
Маалымат: Азия өнүктүрүү банкынын жылдык жыйыны жылына бир жолу өткөрүлүүчү жана банктын катышуучуларынын жогорку даражалуу өкүлдөрүн, ошондой эле Азия чөлкөмүндөгү өнүгүү маселелери боюнча эксперттерди жана окумуштууларды чогулткан банктын маанилүү иш-чарасы болуп эсептелет. Бул жолугушуулар адатта Азия чөлкөмүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги маселелерин, анын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду, каржы рынокторун өнүктүрүүгө жаңы ыкмаларды жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат. АӨБнын жылдык жыйыны - жаңы бизнес байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана банктын жакынкы келечектеги стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо үчүн аянтча. Азия өнүктүрүү банкында Кыргыз Республикасынан төрагалык КР Финансы министрлигине жүктөлгөн, ал эми альтернативдик башкаруучу -Экономика жана коммерция министрлиги.
3 сүрөттөр
13.01MB