80 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫНАН АШЫК СУММАДАГЫ КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫ БОЮНЧА ҮЧ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО ЖАКТЫРЫЛДЫ

80 МЛН АКШ ДОЛЛАРЫНАН АШЫК СУММАДАГЫ КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ ЭНЕРГИЯ БУЛАКТАРЫ БОЮНЧА ҮЧ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО ЖАКТЫРЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРИ А.К БАКЕТАЕВ РОССИЯ-КЫРГЫЗ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН КЕҢЕШИНИН 19-ОТУРУМУНА КАТЫШТЫ

 

     2024-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) Кеңешинин мүчөсү А.К Бакетаев РКӨФ Кеңешинин 19-отурумуна катышты. Аталган жыйында Фонддун 2023-жылга карата ишмердүүлүгү жөнүндө отчет бекитилип, фонддун ишинин жыйынтыгы ийгиликтүү деп табылды.

     Негизги чечимдердин бири болуп, жалпы суммасы 80 миллион АКШ долларынан ашкан кайра жаралуучу энергиянын үч инвестициялык долбоорун каржылоону бекитүү болду, бул Фонддун экологиялык таза жана туруктуу демилгелерди колдоо боюнча милдеттенмесин баса белгиледи.

     Ошондой эле жыйында долбоорлорду кароо жана бекитүү жол-жоболорун жакшыртууга багытталган Фонддун инвестициялык саясатына өзгөртүүлөр жактырылды, бул келечекте инвестициялык долбоорлор менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

5 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
473

Окшош жаңылыктар