Menu

ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ РУСЛАН СУЙНАЛИЕВДИН КУТТУКТООСУ

ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫНА КАРАТА КР ФИНАНСЫ МИНИСТРИ РУСЛАН СУЙНАЛИЕВДИН КУТТУКТООСУ

КРФМ

Кадырлуу мекендештер!
Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Эзелтеден бери  Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, ынтымак – ырашкерликтин, кечиримдүүлүктүн  ыйык айы  болуп келген. Ыйык  Рамазан айында жалпы  мусулмандар орозо кармоо  менен өз ишенимин бекемдеп, руханий жактан арууланууга  ниет артып келген.
Урматтуу мекендештер!
Ички руханий  тазалыктын,  аруулуктун айы болгон Рамазан айында ар бир үйгө  Жаратканыбыз  кут, береке алып келсин. Жаман  жолдон арылып, жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун.
Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук  ишиңиздер мындан ары да улана берсин! Ар бир үйгө ачык асман, бакыт-таалай, береке, жарык маанай,  бардар турмуш каалайм!
Ылайым элибизден ырыскы куту  кетпесин!
Орозо айтыңыздар маарек болсун!
Терең урматтоо менен,
Министр 
Р.Суйналиев

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1581

Окшош жаңылыктар