КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-2029-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2025-2029-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары түзүлдү.

        2025–2029-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңеши тарабынан бекитилди. Бул документ мамлекеттик финансыны башкаруунун инструменти болуп саналат, ал алдыдагы мезгилге фискалдык саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктоочу жана Министрлер Кабинетине жалпыланган жана ар бир тармак боюнча боло турган чыгашаларды болжолдоштуруу максатында ресурстардын келечектеги көлөмдөрү жөнүндө түшүнүк алууга мүмкүндүк берет.

        2025–2029-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарында экономиканы өнүктүрүүгө, анын ичинде энергетика, транспорт, ирригация жана айыл чарбасы сыяктуу негизги секторлордо ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чыгымдарды көбөйтүү каралууда. Мындан тышкары, мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак-жай менен камсыз кылуу жана инфраструктуралык объекттерди куруу сыяктуу социалдык маанилүү программаларды колдоо негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат.

 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары орто мөөнөттүү макроэкономикалык божомолду жана орто мөөнөттүү бюджеттик негизди, анын ичинде 2025–2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук цифраларды камтыйт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
882

Окшош жаңылыктар