2025-2029-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

2025-2029-ЖЫЛДАРГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жарыялайт.

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынынын Протоколун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги такталган параметрлер менен 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түздү.

Негизги багыттарда фискалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган чаралардын комплекси кирет. Документте мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында түзүмдүк реформаларды жүргүзүү, ошондой эле алардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгымдык милдеттенмелерди оптималдаштыруу каралган.

Мурда белгиленгендей, 2025-2029-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарында экономиканы өнүктүрүүгө, анын ичинде энергетика, транспорт, ирригация жана айыл чарбасы сыяктуу негизги секторлордо ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чыгымдарды көбөйтүү каралууда. Ошондой эле социалдык маанилүү программаларды колдоо, анын ичинде мамлекеттик ипотеканын алкагында жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жана инфраструктуралык объекттерди куруу башкы артыкчылыктардын бири болуп саналат.

2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары орто мөөнөттүү макроэкономикалык божомолду жана орто мөөнөттүү бюджеттик негизди, анын ичинде 2025–2027-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук цифраларды камтыйт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
293

Окшош жаңылыктар