Menu

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНДЫРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНДЫРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

КР Финансы министрлигинин Бюджеттер аралык байланыштар башкармалыгы FHI 360 компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жигердүү жарандар» долбоору менен биргеликте Ош шаарында «Каржылоонун өзгөчөлүктөрү» деген темада семинар өткөрдү. Семинарга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондук финансы бөлүмдөрүнүн, шаардык каржы бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Мындай семинарды өткөрүү зарылчылыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп жарандарга төмөнкү түрдөгү турмуштук маанилүү кызматтарды көрсөтүү болуп саналгандыгына байланыштуу: ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу; транспорттук кызматтар; маданият, спорт ж.б. Ошол эле учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн каржылоого байланыштуу көйгөйлүү маселелер бар.

Семинарда төмөнкү актуалдуу темалар талкууланды:

  1. кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун мамлекеттик саясаты жана укуктук негиздери;
  2. кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо боюнча бюджеттик мыйзамдардын ченемдери;
  3. Муниципалдык ишканаларды казыналык тутумга жайгаштыруу менен байланышкан көйгөйлөр;
  4. бюджеттик субсидияларды берүүнүн өзгөчөлүктөрү;
  5. Кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоодо теңдештирүүчү трансферттердин ролу 

Семинардын катышуучулары талкууланган темалардын маанилүүлүгүн белгилешти жана мындай тренингди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык аймактык бөлүмдөрү үчүн жайылтуу каалоолорун билдиришти.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3139