Menu

‼️‼️САК БОЛУҢУЗДАР! ШЫЛУУНДАР! ‼️‼️

‼️‼️САК БОЛУҢУЗДАР! ШЫЛУУНДАР! ‼️‼️

КРФМ

Акыркы учурда белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин, министрдин орун басарларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин атынан жарандарга байланышкан алдамчылык учурлары көбөйүүдө.

Алдамчылар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин сүрөттөрүн орнотуп, ишенимге кирип, өздөрүн жетекчилик же мекеменин кызматкерлери катары тааныштырып, кызматтык же жумуштук тапшырма сыяктуу көрсөтмөлөрдү беришет. Андан кийин ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын которууну суранышат.


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги расмий түрдө билдирет: көрсөтүлгөн номерлер министрдин, министрдин орун басарларынын жана министрликтин кызматкерлеринин жеке номерлери болуп эсептелбейт.
Жарандарды сак болууга жана алдамчылардын тузагына түшпөөгө чакырабыз. Эгер ушундай чалуулар же билдирүүлөр келип түшсө, төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
 — акча каражаттарын которбоо; 
— шектүү тапшырмаларды аткарбоо;
 — кызматкердин өздүгүн расмий же мурда белгилүү болгон номер аркылуу тактоо; 
— зарыл болсо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу.


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жарандарды этият болууга жана маалыматтын расмий булактарына гана ишенүүгө чакырат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1346

Окшош жаңылыктар