Menu

САНДАРДАН НАТЫЙЖАГА: КЫРГЫЗСТАН МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУНУН  ЗАМАНБАП СТАНДАРТТАРЫН КИРГИЗҮҮДӨ

САНДАРДАН НАТЫЙЖАГА: КЫРГЫЗСТАН МАМЛЕКЕТТИК ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУНУН ЗАМАНБАП СТАНДАРТТАРЫН КИРГИЗҮҮДӨ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Европа биримдиги (ЕБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) бүгүн жаңы долбоорду ишке киргизди. Ал долбоор мамлекеттик финансаларды башкарууну эффективдүү, ачык жана жооптуу кылууга багытталып, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнү ылдамдатууга кызмат кылат.

“Кыргызстанда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мамлекеттик финансаларды башкаруу реформаларын илгерилетүү” долбоору Европа биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан Финансы министрлиги жана Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.

Долбоор бюджеттик процесстерди күчөтүү үчүн эл аралык практикаларды жана санариптик чечимдерди колдонуп, программалык жана гендердик багыттагы бюджетти институтташтыруу, инфраструктуралык долбоорлордо каражаттарды эффективдүү пайдаланууга жаңы мамлекеттик инвестицияларды башкаруу системасын түзүү жана суу секторун туруктуу каржылоонун механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей: “Бул демилге мамлекеттик финансалар системасын бекемдөөгө жана жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Биз анын ишке ашырылышына толук даярбыз”.

Долбоор гендердик теңчилик, таза суу жана эффективдүү институттар сыяктуу негизги туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө маанилүү түрткү болуп, Кыргыз Республикасынын ЕБ жана БУУӨП менен өнөктөштүгүн бекемдейт.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
711

Окшош жаңылыктар