Финансы министрлигинин 2022-жылдын 9 айындагы иши жөнүндө отчету

Финансы министрлигинин 2022-жылдын 9 айындагы иши жөнүндө отчету

Консолидацияланган бюджеттин ресурстары 299,5млрд. сомго жетти. Ошол эле учурда салыктык түшүүлөрдүн өсүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу орточо өсүү темпи менен 150 пайыз деңгээлинде сакталып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Бул ресурстар үчүн негизги көрсөткүчтөр болуп саналат.

Чыгымдар боюнча: маанилүү мамлекеттик долбоорлор жана министрликтердин жана ведомстволордун негизги чыгымдары өз убагында толугу менен каржыланган.

Негизинен каржы реалдуу секторго,  өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздуктарды камсыз кылууга жана ишкердикти (бизнести) колдоого багытталды. Негизги көрсөткүчтөрдүн бири, бул социалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Президенттин жарлыктарынын аткарылышы болду. Бул механизм 1-апрелден жана 1-августтан баштап толук ишке ашырылып, бүгүнкү күндө 100 пайызга каржыланууда.

Консолидацияланган бюджеттин ресурстары 400 миллиард сомго жетүү планы, сценарий боюнча мезгилдерге бөлүнгөн. 9 айда 299,5 млрд. жеткен. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 90,0 млрд. сомду түздү. Кирешелердин эң негизин үлүшүн салыктык кирешелер түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 189,9 млрд. сом түздү. 2021-жылга салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 47,2% га же 60,9 млрд. сомго көбөйгөн.

 

Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 144,9 млрд.сом өлчөмүндө түшкөн.

2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 55,3% га же 51,6 млрд. сомго көбөйгөн. 

Мамлекеттик бажы кызматынын кирешелердин өлчөмү 52,9 млрд.сом, салык кызматынын өлчөмү 92,0 млрд. сом түздү. Бул көрсөткүчтөргө ылайык, жалпы кирешенин өсүү темпи 155,3 пайызды түздү.    

 

Республикалык бюджет. 2021-жылдын 9 айында жалпы чыгашалардын аткарылышы 127,7 млрд. сомду түзгөн. Быйылкы жылы жалпы чыгашалардын аткарылышы 187,4 млрд. сомдук деңгээлге жетти. Өткөн жылга салыштырмалуу 59,7 млрд. сомго өстү.

 

Тармактар боюнча: эмгек акыны жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча социалдык тармактарга негизги басым жасалды. Мунун негизинде былтыркы жылга салыштырмалуу социалдык тармакта чыгашалардын көлөмү 24,9 млрд сомго көбөйдү.  

Реалдуу секторго 39,2 млрд сом бөлүнгөн же өткөн жылга салыштырмалуу 20,4 млрд сомго өскөн. Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу каражат жумшалды. 

Мамлекеттик сектордун чыгашалары 7,2 млрд. сомго көбөйдү, бул эмгек акынын жогорулатуу жана жергиликтүү бюджеттерге берилген максаттуу трансферттер менен негизинен байланыштуу.

Эмгек акы фондусу боюнча. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы фондуна чыгашалар 22,4 млрд. сомго көбөйдү. Өсүш айлыктардын жогорулашы менен байланыштуу.

 

Жөлөкпулдардын категориясы боюнча этап-этабы менен өсүү деңгээлин байкай алабыз. 2022-жылдын бюджетинде 1-январдан тарта жөлөкпулдардын көбөйүшүн эске алуу менен жөлөк пулга 13,8 млрд сом каралган. 1-июндан тарта жөлөк пулдар да көбөйүп, бул үчүн кошумча 2,2 миллиард сом каралган.

 

Жеткиликтүү турак-жай маселесин карасак, биз өткөн жылдардагы динамиканы сактап келе жатабыз. 2021-жылы мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 5,7 млрд. сом  түзгөн. 2022-жылдын 9 айында 3,3 миллиард сом бөлүү менен  бул компаниянын уставдык капиталы 9,0 миллиард сомго чейин республикалык бюджет аркылуу жеткизилди.

 “МИК” ААКунун маалыматы боюнча 2022-жылдын январь-сентябрь айынын мезгилинде 1191 адам 3 136,4  млн сом суммасында ипотекалык насыя алышкан. 

 

Быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздук маселеси курч болууда. Дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу, бюджеттин чыгашасы бир кыйла көбөйүүдө. 2021-жылга 2,2 миллиард сом болсо, быйылкы жылы бюджет 8,8 миллиард сомго каражат жумшоону көздөп жатабыз. 2022-жылдын 9 айында чыгашалардын көлөмү 7,5 млрд. сомду түздү

 

Айыл чарба тармагын колдоо боюнча. Өткөн жылы 14 миллиард сомду түзсө, быйыл 22,8 миллиард сом суммасында багыттоо пландалууда. Ошону менен бирге 2022-жылдын 9 айына карата 12,7 миллиард сомдук каржы багытталганын белгилей кетүү керек. Женилдетилген кредиттерге 3,4 млрд. сом берилди, мындан тышкарыАЧК (ФСХ) боюнча 4,4 млрд. сомго кредиттер берилди.

 

Быйылкы жылы тиешелүү материалдарды (битум) сатып алуу, жолдорду оңдоо, тейлөө жана башка иштерге 18,5 миллиард сомдон ашык каражат багытталат. Анын ичинде капиталдык салымдар өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге өстү.

Ушул жылдын 9 айында жол тармагына капиталдык салымдар 4,4 миллиард сомду түздү же өткөн жылдын жылдык көрсөткүчүнүн дэнгээлинде аткарылды.

Мамлекеттик инвестициялар боюнча 8,6 млрд. сом каржыланды. Жалпысынан жол тармагына 15,7 млрд. сом багытталды.

 

Энергетикалык коопсуздук боюнча карасак, 2021-жылдан баштап бюджет күз-кышкы даярдык боюнча иш-чараларга абдан активдүү колдоо көрсөтүүдө. Былтыр энергетика тармагына түздөн түз бюджеттик чыгымдардын жалпы сумма 6,4 млрд. сом жумшалса, 2022-жылы бул сумма 15,6 млрд. сомдон бир аз ашыгыраак жумшоо каралууда. 

2022–жылдын 9 айына карата энергетика тармагына 9,5 млрд. сом каражат бөлүнгөн. Бул каражат былтыркы жылдык чыгашаларынын көлөмүнөн 3,2 млрд. сомго көп. 

 

Кыскача капиталдык салымдарга токтолсок. Быйылкы жылы 3 млрд. сом деп пландалган болсо, азыркы күндө 16,1 млрд сомго жеткирдик. 9-айына карата 11,9 млрд. сом каржылоо болгон.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3095