Menu

ФИНАНСЫЛЫК САНАРИПТИК КӨЗӨМӨЛГӨ ӨТҮҮ: ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ «ЭЛЕКТРОНДУК АУДИТТИ» ИШКЕ КИРГИЗДИ

ФИНАНСЫЛЫК САНАРИПТИК КӨЗӨМӨЛГӨ ӨТҮҮ: ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ «ЭЛЕКТРОНДУК АУДИТТИ» ИШКЕ КИРГИЗДИ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жаңы санариптик система – «Электрондук аудит» ишке киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт.

Система министрликтин IT-адистери тарабынан иштелип чыгып, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып пилоттук режимде иштеп, Ички аудит кызматынын бардык аудит объектилерин камтууда.

Мурда текшерүүлөр кол менен, текшерилүүчү уюмдарга барып жүргүзүлүп келген. Бул көп убакытты талап кылып, көп сандагы адистерди тартууну жана командировкалык чыгымдарды көбөйтүүнү шарттаган.

Жаңы «Электрондук аудит» системасы – бул заманбап санариптик платформа, ал:
•    тобокелдиктерди талдоонун негизинде текшериле турган уюмдардын тизмесин автоматтык түрдө түзөт; 
•    бухгалтердик жана мамлекеттик маалыматтык системалардан маалыматтарды адам катышуусуз чогултат; 
•    текшерүүгө баруусуз жана кол менен маалымат киргизүүсүз үзгүлтүксүз талдоо жүргүзөт; 
•    финансылык бузууларды аныктоо үчүн 30дан ашык тобокелдик көрсөткүчтөрүн колдонот; 
•    аудитор менен текшерилүүчү уюмдун түз байланышына жол бербейт; 
•    мүмкүн болуучу бузууларды реалдуу режиминде аныктап, текшерүү актыларын автоматтык түрдө түзөт. 

Мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо маалыматтарды түздөн-түз баштапкы булактардан – бурмалоосуз жана жоготуусуз алууга мүмкүндүк берет. Бул постфактум-көзөмөлдөн алдын алуучу көзөмөлгө өтүүнү камсыз кылат: бузуулар бюджетке зыян келтирилгенге чейин аныкталат. Натыйжада ачык-айкындуулук жогорулап, адам факторунун таасири азаят.

Системаны киргизүүнүн алкагында Ички аудит кызматынын аудиторлору окутуудан өтүп, жаңы платформаны колдонууга киришишти.

«Электрондук аудитти» киргизүү – санариптик мамлекетке карай маанилүү кадам болуп саналат, анда финансылык көзөмөл ачык-айкын, натыйжалуу жана бузууларды алдын алууга багытталган болот.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
585

Окшош жаңылыктар