Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун ишке киргизүү пландалууда

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун ишке киргизүү пландалууда

Кыргыз фондук биржасы камсыздандыруу компанияларынын жетекчилери менен иш жолугушуусу болуп, анда жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдери (МКВ) жана 2 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына милдеттенмелери (МКМ) талкууланды. Жыйынга КРнын Финансы министрлигинин өкүлдөрү, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, “Борбордук депозитарий” ЖАКтын өкүлдөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, иш-чара КРнын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө, анда МКВнын жана МКОнун соода аянтында КФБны жайгаштыруу жана жүгүртүү каралган.
Бул Кыргызстандын фондулук рыногун динамикалуу өнүктүрүүгө ички жана сырткы инвесторлордун көңүлүн бурууга багытталган пилоттук долбоор.
КФБ жана КРнын Финансы министрлиги тарабынан иштелип чыккан иш-чаралар планына ылайык, биринчи сооданы баштоо 2023-жылдын май айына пландаштырылган.
КФБнын соода эрежелерине ылайык, жүгүртүү мөөнөтү 12 ай жана 2 жыл болгон мамлекеттик баалуу кагаздар түз сооданын катышуучулары болуп төмөнкүлөр боло алышат:
баалуу кагаздар рыногунда дилердик, брокердик ишти (брокерлерди), инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти (инвестициялык активдерди башкаруучулар), анын ичинде пенсиялык, инвестициялык фонддун ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;
КРда лицензиясы бар банктар жана камсыздандыруу уюмдары;
микрофинансы уюмдары, КРнын мыйзамдарына ылайык;
КРнын Финансы министрлиги, КРнын Улуттук банкы, КРнын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтоо пенсиялык фонду, КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
КРнын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик эмес топтолмо пенсиялык фонддор.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу максатында рынок-мейкиндикти ишке киргизүү жана МБКны кайра сатып алуу пландаштырылууда.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2341