КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун демилгеси менен Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен эл аралык сатып алууларды башкаруу боюнча окутуу курсу иштелип чыкты

КР Финансы министрлигинин Окуу борборунун демилгеси менен Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен эл аралык сатып алууларды башкаруу боюнча окутуу курсу иштелип чыкты

Бул курсту ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, иштелип чыккан модулдарды колдонуу менен 2024-жылдын 4-марттан 11-мартка чейин Бишкек шаарында (Парк отель) "Эл аралык сатып алууларды башкаруу" темасында пилоттук тренинг болуп өттү, ага ар кандай ведомстволордон 45 катышуучу: Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмдөрүнүн, бюджеттик уюмдардын сатып алуулар боюнча жаңы баштаган адистери, чакан жана орто ишкерлердин өкүлдөрү, Кыргыз техникалык университетинин студенттери жана окутуучулары кат

 

  • Калык долбоорлорду каржылоо алкагында карыз алуучулар үчүн сатып алуу эрежелери;
  •  Өнүктүрүү үчүн долбоорду сатып алуу стратегиясы;
  • Курулуш иштерин сатып алууда долбоордук цикл. Курулуш иштериндеги консультанттардын орду;
  •  Подрядчылардын ролу; курулуштагы келишимдердин түрлөрү;
  •  Сатып алууда катышуучулардын квалификациясы. Алдын-ала жана кийинки квалификация,баштапкы тандоо. Квалификацияга чейинки тандоо үчүн стандарттык документ;
  • Чакан иштерге конкурстук табыштамаларды берүүгө карата суроо-талап үчүн банктын документтери (бир жана эки конверттүү варианттар). Катышуучулардын нускамалары жана формалары; келишимдин шарттары;
  •  Товарларды сатып алуу. Конкурстук документтерди иштеп чыгуу. Стандарттык сунуштарды баалоо тутуму;
  • Сунуштарды баалоо упай-рейтинг системасы. Туруктуу сатып алуулар;
  •  Даттануу механизми жана жымжырттык мезгили;
  • КРнын сатып алуулар боюнча мыйзамдарын колдонуу менен Дүйнөлүк банктын каржылануучу долбоорлорунун алкагында сатып алуулар;
  •  Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу ыкмасын тандоо. Сунуштарды баалоо жана консультантты тандоо. Тапшырмаларды жана тандоо критерийлерин даярдоо боюнча практикалык сабактар;
  •  Башкаруунун негизги принциптери.

Тренингди мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт-консультанттар Шокин Вячеслав, Гончарова Ирина, Кокарева Лариса, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча улуттук эксперттер – КР ФМ Окуу борборунун окутуучулары: С.Р Абдымомунова, А.Ж Мамбеткулова, Уланбек уулу Дастан, Д.Э Джумабаев, Н.С Сулайманбекова,А Бердигулов, Н.Искендер жана А.Б Осмонкулова өткөрүштү.

Тренингдин жүрүшүндө эл аралык жана жергиликтүү эксперттер эл аралык мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы теориялык билимдери жана топтолгон практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында бул окуу курсу эл аралык контекстте сатып алуу процесстерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн билимге ээ болууну, өз көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүнү каалаган КР ФМ Окуу борборунун бардык угуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

2 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
698