“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну баштагандан тартып   126 897 чарбалык субъектилерге 54,47 млрд сом суммасында кредит берилди

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну баштагандан тартып   126 897 чарбалык субъектилерге 54,47 млрд сом суммасында кредит берилди

КР Финансы министрлигинин Финасылык кредиттик фонду тарабынан  “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну баштагандан тартып   126 897 чарбалык субъектилерге 54,47 млрд сом суммасында кредит берилди.

 

Анын ичинде:

- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 35,10 млрд сом суммасында 100 619 субъектке;

- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 23 809 жаранга 8,53 млрд сом;

- “Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү” тармагы боюнча 10,85 млрд. сом суммасында 2 469 кредит алуучуларга.

“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген.

 “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорунун алкагында мамлекеттик эки коммерциялык банкы катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сомду түздү.

2023-жылдын 1-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 6 1013 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2 744,2 млн сом өчөмүндө жеңилдетилген насыя берилген.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2056