Menu
Тренддер
АЧК-12 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 3,64 МЛРД СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
2024-жылдын 15-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” Долбоордун алкагында республиканын 9 246 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 649,90 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.
Анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 241,93 млн сом суммасында 7 986 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 407,97 млн сом суммасында 1 260 субъектти түзөт.
Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сом суммасын түзүүдө.
2024 – жылдын 15-августуна карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.
(млн сомов)
№ |
|
Берилген кредиттердин саны |
Долбоорду өздөштүрүү суммасы |
Республика боюнча бардыгы |
9 246 |
3 649,90 |
|
1 |
Чүй облусу |
1 539 |
597,85 |
2 |
Ысык-Көл облусу |
1 456 |
501,48 |
3 |
Талас облусу |
1 039 |
391,28 |
4 |
Нарын облусу |
1 069 |
433,19 |
5 |
Жалал-Абад облусу |
1 979 |
829,77 |
6 |
Ош облусу |
1 589 |
652,53 |
7 |
Баткен облусу |
575 |
234,80 |
Тиркелген файлдар