АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 621,40 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 621,40 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

АЧК-13

 

2025-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №80-тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору бекитилген.

Долбоордун максаты 2025-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2025-жылдын 20-мартына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 1 018 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 621,40 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде:

  • “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 553,33 млн. сом суммасында 894 субъектти түзөт;
  • “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 67,07 млн. сом суммасында 123 субъектти түзөт;
  • “Сууну үнөмдөөчү технологиялар” тармагы боюнча 1,0 млн. сом суммасында 1 субъектти түзөт.

2025 - жылдын 20-мартына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.

 (млн. сом)

 

Берилген кредиттердин саны

Долбоорду өздөштүрүү суммасы

Республика         боюнча бардыгы

1 018

621,40

1

Чүй облусу

146

89,93

2

Ысык-Көл облусу

156

87,24

3

Талас облусу

119

71,48

4

Нарын облусу

112

74,80

5

Жалал-Абад облусу

271

166,50

6

Ош облусу

156

95,32

7

Баткен облусу

58

36,13

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2963

Окшош жаңылыктар