Menu

АЧК-13 ДОЛБООРУ БОЮНЧА 944,61 МЛН СОМ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ
АЧК-13
2025-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №80-тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоору бекитилген.
Долбоордун максаты 2025-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2025-жылдын 27-мартына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 1 554 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 944,61 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит каржыланган, анын ичинде:
- “мал чарбачылык” тармагы боюнча 831,25 млн сом суммасында 1330 субъектти түзөт;
- “өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 109,56 млн сом суммасында 219 субъектти түзөт;
- “сууну үнөмдөөчү технолосгиялар” тармагы боюнча 3,8 млн сом суммасында 5 субъектти түзөт.
2025 - жылдын 27-мартына карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат.
(млн. сом)
№ |
|
Берилген кредиттердин саны |
Долбоорду өздөштүрүү суммасы |
Республика боюнча бардыгы |
1 554 |
944,61 |
|
1 |
Чүй облусу |
243 |
144,63 |
2 |
Ысык-Көл облусу |
254 |
142,09 |
3 |
Талас облусу |
167 |
97,31 |
4 |
Нарын облусу |
182 |
120,84 |
5 |
Жалал-Абад облусу |
379 |
235,66 |
6 |
Ош облусу |
236 |
144,58 |
7 |
Баткен облусу |
93 |
59,50 |