ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРДИК СУБЪЕКТТЕРИН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТТӨӨ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 119,34 МЛН СОМ  КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКЕРДИК СУБЪЕКТТЕРИН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТТӨӨ ДОЛБООРУ БОЮНЧА 119,34 МЛН СОМ  КРЕДИТ КАРЖЫЛАНДЫ

КРФМ

 

    Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген, жеткиликтүү жана төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү аркылуу экономикалык өсүүгө дем берүү, жакырчылыкты кыскартуу, региондорду, жашыл экономиканы өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги №354-т менен “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору (мындан ары - Долбоор) бекитилген.
     Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 2025-жылга 500,0 млн. сом суммасын түзөт.
     2025-жылдын 18-сентябрына карата бул Долбоордун алкагында 42 каржылоо субъекттерине 119,34 млн. сом суммасында каржылоо кредиттери каржыланды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
302

Окшош жаңылыктар