Menu
Тренддер

Микро-, чакан жана орто ишканаларды чукул колдоо долбоору Тегирменчилер ишканаларынын Ассоциясына тартууланды
Микро -, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоорунун (ындан ары – Долбоор) 2-категориясынын 1-компоненти боюнча Кайтарымдуу финансылык жардам көрсөтүүнү активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу кредиттик багытты башкаруу бөлүмүнүн (КБББ) өкүлдөрү 2023-жыл 18-январында Тегирменчилер ишканаларынын Ассоциясына юридикалык жактар бирикмесинин Президенти Рустам Жунушов жана аталган ассоциациянын аткаруучу директору Махмут Султанов менен жолугушту.
КБББүнүн кредиттик адиси Адилет Акматов долбоор тууралуу толук маалымат берди. Кайтарымдуу финансылык жардамдын 2-категориясы, пайызсыз насыя алуунун тартиби, эрежелери жана талаптары боюнча кеңири маалымат өзүнчө берилди.
Бүгүнкү күндө 4240тан ашуун ишкер өлкөнүн 11 банкы аркылуу 1,7 млрд сомдон ашык суммадагы кайтарымдуу финансылык жардамды пайдаланышты.
Өз кезегинде Рустам Жунусов долбоордун Кыргызстан ишкерлери үчүн жогорку маанисин белгиледи. Ассоциациянын мүчөлөрү мындай финансылык жардамга муктаж, кайтарымдуу пайызсыз финансылык жардам алыскы региондордо, анын ичинде Баткен облусунун жабыркаган райондорунда тегирменчилердин ишин кеңейтүүгө оң таасирин тийгизет деп баса белгиледи.
Учурдагы кайтарымдуу финансылык жардам жөнүндө маалыматты кеңири чагылдыруу жана бенефициарларга (акыркы керектөөчүлөргө) жеткирүү маселелери да талкууланды.
Тараптар кызматташтыкты туруктуу негизде колдоо боюнча макулдашууга келишти.