ҮЧ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООР БОЮНЧА КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮЛДУ

ҮЧ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООР БОЮНЧА КАРЖЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУЛАРГА КОЛ КОЮЛДУ

2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун жетекчилигинин алдында Кыргыз Республикасынын делегациясынын Лондон шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу төмөнкү үч инвестициялык долбоор боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлду

2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун жетекчилигинин алдында  Кыргыз Республикасынын делегациясынын Лондон шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу төмөнкү үч инвестициялык долбоор боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлду:

 

1.    Жалпы суммасы 47,2 млн.евро түзгөн “Ысык-Көл айланма автомобил жолу” (Балбай баатыр айылы – Каракол ш., 184-220 км участок, узундугу 36 км) долбоору;

Долбоор Ысык-Көл облусунун 184,5-220 км Балбай Баатыр айылынан Каракол шаарына чейинки участогун реабилитациялоого багытталат.

 

2.    Жалпы суммасы 14,63 млн.евро түзгөн “Электр менен камсыздоону санариптештирүү” долбоору;

Долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну автоматташтыруу жана керектөөчүлөрдүн кубаттуулугун дистанциялык жөнгө салуу үчүнэлектр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун заманбап автоматташтырылган системасын сатып алуу.

3.    Жалпы суммасы 8,5 млн.евро түзгөн Базар-Коргон шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо” долбоору;

Долбоор ишкананы күтүүгө каражатты кыйла үнөмдөө менен шаарды суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу системасынын деңгээлин жакшыртуунун эсебинен жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталат.

 Кыргыз Республикасынын атынан Макулдашууларга финансы министри - А.К. Бакетаев, ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан Борбордук Азиядагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучу директору - Жужанна Харгитай кол койгон.

Маалымат иретинде:

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жеке сектордун калыптанышын жана бекемделишин колдоо максатында 1991-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЕРӨБ инвестицияларды Борбордук Европадан Борбордук Азияга чейинки 29 өлкөдө рынок экономикасын жана демократияны бекемдөөгө көмөктөшүү куралы катары колдонууда.

ЕРӨБ региондогу эң ири инвестор болуп саналат, өз каражаттарын бөлүүдөн тышкары тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын олуттуу көлөмүн тартат. Анын ээлери 71 өлкө жана эки эл аралык уюм болуп саналат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
1711