Куттуктоо

Куттуктоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбековичти туулган күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Сизди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жалпы жамаатынан жана жеке өзүмдүн атымдан туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кесипкөйлүгүңүз, аракетчилдигиңиз жана эмгекчилдигиңиз Сизди таланттуу жана дасыккан жетекчи катары айырмалап турат.

Өлкөбүздүн экономикасы үчүн татаал жана стратегиялык маанилүү маселелери сиздин тажрыйбаңыз менен ар дайым оң натыйжаларга алып келет.

Сиздин энергияңыз, жигердүү турмуштук позицияңыз жана башкаруучулук тажрыйбаңыз жыл сайын кесиптик жана турмуштук жолуңузда жаңы ийгиликтерди багындырууга өбөлгө болсун!

Чын дилимден бекем ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайм!

Урматым менен,

Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К. Бакетаев.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4182

Окшош жаңылыктар