Menu

КР ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН МИНИСТРИНИН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА КУТТУКТООСУ
Нооруз — бул жаздын, тынчтыктын, достуктун жана жаралуунун майрамы.
Урматтуу мекендештер!
Нооруз майрамы кайра жаралуунун, жаңы үмүттөрдүн, жаңылануунун символу.
Жаңы жылдын башатында жаңы үмүт-тилектерди, элибизде ынтымак, биримдик болсун деп тилейбиз.
Жаркыраган жаз майрамы менен үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер коштоп, бекем достуктун, өнүгүүнүн, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Ар бир үйдө тынчтык, бакубатчылык, береке, ынтымак ыроолоп, тилеген ой-максаттарыңыздар орундалсын!
Терең урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
А.К.Бакетаев